Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.12.2014 11:12

Базар-Коргондогу №1 Макаренко мектебинде акимдин балаты майрамы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу №1 Макаренко мектебинде 20-декабрда райондун акиминин балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы жылдык балатыга 100 окуучу чакырылып, райондун бардык мектептеринен ата-энесиз жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Бул балдар мектептин ңн алдынкы окуучулары жана ар түрдүү иш-чараларга катышып турушат.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага райадминистрация тарабынан 75 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×