Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.01.2015 17:22

Базар-Коргон районундагы мектептердин биринде РИИБ тарабынан окуучулар арасында спорттук мелдеш болуп өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу №30 О.Атабекова атындагы мектептин чоң спорт залында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Спорттук үй-бүлө — атам, апам жана мен» аттуу спорттук мелдеш болуп өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, жобонун негизинде спорттун 6 түрү боюнча мелдешке 14 команда катышып, жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунга Ж.Бөкөнбаев гимназия жатак мектеби, экинчи орун Фрунзе атындагы орто мектеп жана үчүнчү орунга О.Атабекова мектептери ийгиликке жетишти.

Жеңген командаларды райондун акими Таалайбек Долдоев жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдил Куланбаев куттуктап, сыйлуу белектерин тапшырышты.

IMG-20150112-WA0037

IMG-20150112-WA0039

IMG-20150112-WA0038

IMG-20150112-WA0041

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×