Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.01.2015 19:00

Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты менен Базар-Коргон районунун имам хатибдери футбол ойношту

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 17-январ күнү Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын футбол курама командасы менен Базар-Коргон районунун имам хатибтеринен түзүлгөн команда футбол ойношту. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылаык, футбол оюнунун максаты, областтык казыят менен район, шаарлардагы имам хатибтердин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жана экстремизм, терроризм менен күрөшүүдө имам хатибтер менен иш алып баруунун бекемделиши максатында, ошондой эле ден-соолукту чындап, имамдар менен тыгыз алакада болуп туруу үчүн оюн талаасында футбол уюштурулду.
Бул оюнда Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынан түзүлгөн команда менен Базар-Коргон районунун имам хатибтеринин курамындагы футболдук командалар ортосунда таймаш кызуу жүрүп, ойнчулар күйөрмандардын купулуна толоорлук оюн көргөзүштү.

Оюнга ЖТР жана 7 каналдын кызматкерлери да күбө болушту. Жалпысынан эсеп 7-8 эсебинде болуп, Базар-Коргон районунун имам хатибтери алдыга озуп чыкты. Футбол оюну мындан ары дагы район, шаарлар арасында улантылып турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×