Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 31.01.2015 16:09

Базар-Коргондун Бешик-Жон айылында бир жылда 3 балдар бакчасы ачылган

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл аймагынын башчысы Алтын Адишов кечээ, 30-январь күнү 2014-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчеттук жыйынын өткөрдү, деп билдирди райадминистрациянын басма сөз кызматы.

Бул жыйында 200гө жакын катышуучу болду. Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев, жергиликтүү кенештин депутаттары, айыл тургундары катышты. Жыйындын отурумунда райондун акими Т.Долдоев сөз сүйлөп, аталган айыл аймагына тартылган жалпы инвестициянын көрсөткүчтөрүнө токтолду. Ал эми айыл өкмөт башчысы А.Адишов 2014-жыл Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылына карата жана БАПтын аткарылышы боюнча токтолуп, отчетун берди.

Отчетто айтылгандай, Бешик-Жон айылында бир жылда үч балдар бакчасы ачылгандыгы жөнүндө айтты. «Бул деген айыл өкмөттүн өнүгүшү мамлекеттин өнүгүшү десек болот», - дейт ал.

Мындан сырткары, айыл өкмөттүн жана аймактын келечеги үчүн бир нече долбоорлор артылгандыгы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×