Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.02.2015 10:30

Фото - Базар-Коргондо күнүнө 4 миң жуптан бут кийим чыгаруучу цех иштей баштады

Turmush -  Базар-Коргон районунда күнүнө 4 миң жуптан бут кийим чыгаруучу цех иштей баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Цехти иштетүүнү колго алган «Симайгыда» ЖЧКсынын директору Сулайман Сариевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 17-январынан тартып, цех өз ишмердүүлүгүн баштады. Учурда 157 миң жуп бут кийим чыгарылып калды. Мындагы бут кийимдер апрель айынан тартып сатууга чыгарыла баштайт.

«Цехте 24 адам эмгектенүүдө, цехтин техникалык жабдыктары толук камсыз болгондо дагы жумушчулардын саны арбыйт. Талапка карайбыз. Бут кийим канчалык көп өтсө, жумушчу орун да көбөйөт», - дейт Сулайман Сариев.

Ал баса белгилегендей, жумушчулардын маяналары 12 миң сомдон чегерилген. 100 жумушчу орун менен камсыз болуусу күтүлүүдө. «Кара-Суу», «Дордой» базаларына сатууга жана Казакстан, Россия өлкөлөрүнө экспорттоого келишимдер түзүлгөн. 22 өлчөмдөн 44 өлчөмгө чейинки бут кийимдер чыгат. Эскерте кетсек, цехте жайкы бут кийимдер чыгарылат.

Кечээ, 11-февралда ыйгарымдуу өкүл Жумагүл Эгембердиева да ушул цехте болуп, өз ыраазычылыгын айтып кеткен.

DSCF5880

DSCF5881

DSCF5883

DSCF5886

DSCF5887

DSCF5888

DSCF5889

DSCF5892

DSCF5895

DSCF5900

DSCF5903

DSCF5908

DSCF5909

DSCF5912  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×