Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.02.2015 09:38

Базар-Коргон районунда мугалимдер арасында спорттун беш түрү боюнча мелдеш өтүүдө

Turmush -  Базар-Коргон районунун мугалимдери спорттун беш түрү боюнча күч сынашууда.

Базар-Коргон районунун билим берүү башкармалыгынын башчысы Тыныч Усеновдун айтымында, мугалимдер спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол, ордо жана стол тенниси боюнча мелдешип жатат.

Спорттук мелдешке ар бир айыл өкмөттөн бирден мыкты делген командалар тандалып алынган. Тактап айтканда, тогуз айыл өкмөттөн баардыгы болуп 18 команда мелдешүүдө.

Алардын тогузу айымдар командасы болсо, калган тогуз команда мырзалар тобу. Мугалимдердин арасында өтүп жаткан мелдешке райондук билим берүү башкармалыгынын профсоюзу тарабынан 40 миң сом каражаты бөлүнгөн.

Спорттук иш-чаранын башында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынынын орун басары Каныбек Тилекеев келечек муундарга тарбия билим берүүдө мугалимдердин салымы өзгөчө экендигин белгилеп, ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, райондун аймагында баардыгы болуп 65 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×