Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.03.2015 09:34

Базар-Коргондогу мектептер аралык сынакта «Жылдын мыкты мугалими» аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагы боюнча мектептер аралык «Жылдын мыкты мугалими» сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан 4 мектептин мугалимдери катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, 1-орунга №6 гимназия мектебинин мугалими Абалбек Жороев, 2-орунга №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин мугалими Кулпунай Пусурова, ал эми 3-орунга №35 Т.Исак уулу атындагы орто мектебинин мугалими Венера Маматова, 4-орунга З.Мураталиев атындагы мектептин мугалими Тажикан Сагынбаева ээ болду.

Жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар менен баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×