Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.04.2015 12:36

Базар-Коргондогу мектептрге инвестиция тартуу I кварталда 12,9 млн сомго аткарылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жалпы мектептер боюнча 2015-жылдын I кварталында тартылган инвестициянын көлөмү жыйынтыкталды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Жумабековдун айтымында, жалпы I кварталда тартылган инвестициянын көлөмү 12 млн 944 миң 130 сомго аткарылды.

Анын ичинен республикалык бюджет тарабынан 1 млн 833 миң 190 сом, райондук мамлекеттик администрация тарабынан 10 миң сом, айыл аймактар тарабынан 502 миң сом,
ата-энелер тарабынан 1 млн 269 миң 500 сом жана эл аралык уюмдар тарабынан 9 млн 329 миң 440 сомдук жумуштар аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×