Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.05.2015 12:38

Базар-Коргон районунун Кош-Коргон айылында жаңы стадиондун курулушу аяктоодо

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Кош-Коргон айылында жаңы стадиондун курулушу аяктоодо. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эми Акман айыл аймагынын жаштары бул жайдан футбол, валейбол, ордо оюндарын ойной алышат. Анткени жаңы курулган стадион дал ушул оюндарды ойноого ылайыкташкан. Акман айыл аймагынын башчысы Амирбек Атакуловдун айтымында, спорт талаасын уюштуруу үчүн жегиликтүү бюджеттен 50 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Мындан сырткары, жергилитүү тургундардан 58 миң сом жыйналган. Ал эми, жеке ишкерлердин эсебинен 45 миң сом акча каражаты кошумчаланган. Спорт талаасынын жалпы аянты 1 гектар 40 сотыхты түзөт.

Эскерте кетсек, бул жай мурда турак жай салуу үчүн берилген. 2005-жылы болгон сел баардык курулган турак жайларды жууп кеткен. Натыйжада алардын баарысына башка жактан турак жай салуу үчүн жер тилкеси ажыратылып, көчүрүлгөн. Эми ошол жайды жергиликтүү бийлик айыл эли менен биргеликте тийиштүү техниканын жардамы менен оңдоп түзөдү. Стадиондун ачылышы Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата 9-май күнү болмокчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×