Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.05.2015 13:50

Бакай-Ата районунун Көпүрө-Базар энелер күнү төкмө акындардын айтышынын коштоосунда белгиленди

Turmush -  Бакай-Ата районунун Көпүрө-Базар айылдык маданият үйүндө 17-май энелер күнүнө карата айылдагы баатыр энелер, эне даңкы медалынын ээлери чакырылып, жаш төкмө акындар, элге таанылып калган төкмөлөр Асылбек Маратов, Баян Акматов, Жылдызбек Торокановдор айтыш куруп, энелерге жагымдуу маанай тартуулашты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, концертке Кытай Эл республикасынын Кызыл-Суу автономиялуу облусунун жаш таланттары дагы келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Жалпы Көпүрө-Базар айылында 85 баатыр эне, 12 эне даңкы медалынын ээлери бар. Бул күнүөткөрүлгөн концерттик программа энелердин күнүнө арналып, айылдык апалар ыраазы болуп кайтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×