Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.06.2015 14:10

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жаңы спорт залдын курулушу бүтүү алдында турат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылына жаңы спорт залдын курулушу бүтүү алдында турат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Спорт залдын курулушуна АРИС тарабынан 6 млн 339 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом, ал эми элдин салымынан 1 млн 800 сомго каржыланып, учурда ички ремонттору жүрүп, сырткы айланасына брусчаткалар төшөлүүдө.

Айыл аймактын башчысы Эркин Турдукуловдун айтуусу боюнча, спорт зал бүткөн соң айыл жаштары спортко тартылып, кылмыштуулук жана башка терс көрүнүш жолдорго жаштар барбай калат.

«Негизинен айыл тургундарынын салымы жакшы уюштурулган. Бул спорт залдын курулуш иши 2014-жылдын ноябрь айында башталган. Ал эми курулуштун бүтүшү 2015-жылдын июль айынын башына пландаштырылууда», - дейт айыл аймактын башчысы Э.Турдукулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×