Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.06.2015 17:25

Базар-Коргондо спорт комплекси ишке берилди

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында жаштардын демилгеси менен жаңы спорт комлекси иштей баштады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Базар-Коргон районунун акими Таалай Дөлдөевдин маалыматында, спорт комплексин куруу демилгесин көтөргөн жергиликтүү жаштар ага өз кошумчаларын кошту. Райондук мамлекеттик администрация ага 40 миң сом, ал эми Кеңеш айыл өкмөтүнүн салымы 120 миң сом болду.

Спорт комлексте спортко кызыккан адамдар анын ар башка түрлөрү боюнча машыгууларды өткөрүшүүдө.

Акимдин айтымында, буга чейин жаңы курулган спорт комплекстин жанында клубдун эски имараты ПРООНдун жардамы менен оңдолгон. Ал 500 орундуу клуб.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×