Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.06.2015 16:00

Базар-Коргондо 2 мектеп сентябрда ишке берилет

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында түркиялык гранттын эсебинен К.Салбанов атындагы мектептин, Талды-Булак айыл аймагында өкмөттүк каражаттардын эсебинен Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин имараты курулуп жатат.

Бул эки мектептин имараты быйылкы жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет, деди Базар-Коргон районунун акими Таалай Дөлдөев.

Анын айтымында, ал курулуштардан тышкары райондун Могол айыл аймагында өкмөттүк капиталдык салымдардын эсебинен Сатыбалды Далбаев атындагы мектепке спорт зал куруулууда.

Спорт зал АРИС агенттигинин жана жергиликтүү калктын кошумчаларынын эсебинен курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×