Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.06.2015 09:46

Жалал-Абадда өткөн алыш күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган алыш күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алыш күрөшүнүн Жалал-Абад облусу боюнча кординатору Жаныш Ташматовдун белгилөөсү боюнча мелдеште балбандар төрт салмактагы категория боюнча беттешкен.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 70 килограмм салмактагы балбандар арасында биринчи орунду Ноокен районунун балбаны Манас Асанбеков багындырса, 80 килограмм салмакта Базар-Коргон районунан Айбек Камалов ийгиликке жетишти. Ал эми 90 килограмм салмактагы балбандар арасында беттеште Майлуу-Суу шаарынан Баяман Муратбеков жеңүүчү аталды.

Ал эми 90 килограммдан жогорку салмакта жеңүүчү болуп, Базар-Коргон районунан Солдат балбан деген ат менен таанымал болгон Абдумалик Мулажанов ийгиликке жетишти. Жалпы жыйынтык менен Базар-Коргон району алдыңкы орунга ээ болду.

Жеңүүчүлөр биринчи орун үчүн 10 миң сом, экинчи орун үчүн 7 миң сом, ал эми үчүнчү орун үчүн 5 миң сом акча жана ардак грамоталар менен сыйланды.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева: «спорт бул чыныгы күчтүүлөрдүн оюну анткени, мелдеште бирөө жеңет, бирөө жеңилет. Эң негизгиси биз көздөгөн максатыбызга жетише алдык, анткени, бул иш-чаранын максаты райондор аралык биримдикти күчөтүү, улуттар арасында достукту бекемдөө болуп эсептелинет», - деп белгиледи.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айланпа кубогунун кезеги Ала-Бука районуна тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×