Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.08.2015 18:33

Базар-Коргондогу марафондон түшкөн каражат Кеңеш айылындагы мектептин жылуулук системасын жакшыртууга жумшалат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы Турдумат Исманов атындагы мектепте марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин деректири Космира Абылова Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 5-августта өткөрүлгөн марафонго өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Долдоев, медицина илимдеринин профессору, кардиолог Калдарбай Абдраманов, Жалал-Абад облустук салык башкармалыгынын башчысы Касым Дыйканбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектеп жергиликтүү бийликтин, билим берүү бөлүмүнүн жана жергиликтүү тургундардын көмөгү менен 1996-жылы ашар жолу менен салынган.

«Азыркы учурда мектепте 207 окуучу билим алып, 15 мугалим эмгектенүүдө. Марафондон топтолгон каражат мектептин жылытуу системасын жакшыртууга жана материалдык базасын чыңдоого жумшалат. Марафондон жалпы 120 миң сом түштү», - деди мектеп деректири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×