Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.08.2015 14:57

Фото - Базар-Коргондо 9 миңге жакын спортчу катышкан алыш боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Кечээ, 23-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында спорттун алыш түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Долдоевдин айтымында, аталган мелдешке 8500-9000 миңге жакын спортчу катышты.

«Кыргызстандын бардык аймактарынан жана коңшу өлкөлөрдөн спорт чеберлер келишти. Мелдеште 70-80-90 килограммдык балбандар күрөшүп, жеңүүчүлөр аныкталды», - дейт ал.

Уюштуруучулардын айтымдарында, мындай чоң иш-чара 2014-жылдын 16-17-августунда дагы уюштурулуп, женүүчүлөргө 500 миң сом берилген. Ал эми быйылкы жылы 360 миң сом сыйлык берилди.

«70 килограммдык салмак боюнча мелдеште 1-орунга Аксы районунун жаш балбаны ээ болсо, 80 килограммдык салмак боюнча мелдеште 1-орунга базар-коргондук балбан, ошондой эле, 90 килограммдык мелдеште таластык балбан жеңишке жетти», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×