Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.09.2015 18:39

Базар-Коргон районундагы Бел-Терек атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулуш иши башталды

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Бел-Терек айылындагы №36 Бел-Терек атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулуш иши башталды.

Азыркы учурда Бел-Терек мектебинин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 1 млн 600 миң сом акча каражаты сарпталып, мындан кийин да этап-этап менен каржыланып турат.

2015-жылдын август айында башталган фундаменти азыркы тапта аяктоо алдында турат. Жаңы мектеп 120 окуучуга ылайыкташтырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×