Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.10.2015 14:11

Базар-Коргондогу «Коттон-лиматекс фэктори» ААКсы дыйкандардан пахтаны 40 сомдон сатып алып, Түркияга экспорттойт

Turmush -  Базар-Коргон районундагы «Коттон-лиматекс фэктори» ААКсы дыйканлардан пахтанын килограммын 40 сомдон сатып алууда.

Аталган ААКнын жетекчиси Майрамбек Турдуевдин айтымында, алар пахта терүү башталгандан бери 1000 тонна пахта кабыл алышкан. Быйыл 4 миң тонна пахта кабыл алууну пландоодо. Кабыл алынган пахталар Түркияга экспорттолот.

Базар-Коргон районунда быйыл 11 миң тонна пахта жыйноо пландалууда.

М.Турдуев дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү сунушу тууралуу айтып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×