Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.10.2015 15:31

Базар-Коргон районунда 9 айда жергиликтүү бюджет 10 млн сомго көбөйдү

Turmush -  Базар-Коргон районунда 9 айдын жыйынтыгы менен 2015-жылга 10 млн сомго жергиликтүү бюджет көтөрүлдү.

Аталган райондун акими Таалайбек Долдоевдин айтымында, райондо 5 пахта заводу иштеп, жергиликтүү бюджеттин көтөрүлүшүнө чоң салым кошуп жатат. Район боюнча 3 миң гектарга пахта эгилип, 10 миң тонна пахта жыйналат. Пахта заводдордо 30 миң тонна пахтаны кайра ишетишет. Мындан сырткары дагы 4 пахта завод бар.

«Жаңы ачылып жаткан ишканалар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө жардам берет. Эгерде биз район-шаарларда жаңы ишканаларды ачпасак, киреше булагын көбөйтүү кыйын болот экен. Ошонун негизинде пайдаланылбай жаткан жерлерди иштетүүнү колго алдык. Райондо 772 миң гектар пайдаланылбай жаткан жер болсо, быйыл анын 213 гектарын кыскарттык. Кийинки жылы дагы 250 гектар жерди кыскартабыз деген пландарыбыз бар . Ал үчүн биз сифондорду куруп, пайдаланылбай жаткан жерлерге суу жеткирилди», - дейт Т.Долдоев.

Т.Долдоев маалымдагандай, райондо 9 айыл өкмөт болсо, анын ичинен Базар-Коргон айыл өкмөтү быйылкы жылы дотациядан чыкты. Келээрки жылга дагы бир айыл өкмөттү дотациядан чыгарууга аракет көрүлүүдө. Быйылкы жылы 3 кирпич завод ишке кирди. Ишкердиктен түшкөн салыктардан улам, жергиликтүү бюджетти ушул жылы 9 млн сомго көтөрүлгөн. Районду өнүктүрүү боюнча кабыл алынган улуттук стратегиялык 5 жылдык планы бар.

«Стартегиялык планга жергиликтүү бюджетти көтөрүү да киргизилген. Учура жылдан жылга жергиликтүү бюджеттин өсүү темпин 15%га көбөйтүп, аны 30%га чейин жеткирүүгө аракеттер көрүлүүдө. Быйылкы жылы район боюча 1320 адамды сезондо иш менен камсыз кылдык. Бул жаңы жумуш орундары кирпич, пахта заводдорунда жана жаңы ачылган ишканаларда түзүлдү. Райондо жаңы ачылган ишканалардын бири – бул бут кийим чыгарган завод болуп саналат. Аталган заводдо 30 адам иш менен камсыз болгон.

Алманы кургатып компот жасаган ишканада 150-200 адам иштеп жатат. Алмалар экологиялык жактан таза болгондуктан, компотторду чет жакка экспорттоого даярдыктар жүрүп жатат», - деп билдирди Т.Долдоев.

Тема боюнча: Базар-Коргон районунан 40 тонна пиязды Чувашияга экспорттоого даярдыктар жүрүүдө, - аким Т.Долдоев

Базар-Коргон районунда быйыл жаңы 10 ишкана ишке киргизилди, - аким Т.Долдоев (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×