Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.11.2015 18:01

Базар-Коргон районунда имамдар арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун борборунда 21-ноябрда айыл аймактардын имамдарынын ортосунда «Ислам экстремизм жана терроризмге каршы» деген темада футболдук мелдеш болуп өттү.

Бул иш-чарага райондун имамы Т.Шаиков, райондун акими Т.Долдоев катышты. Жалпысынан ройондун аймагындагы айылдардын имамдарынан 11 команда түзүлгөн.

Райондун башкы имамы Т.Шаиковдун айтуусу боюнча, мындай иш-чаралар мындан ары дагы улантылмакчы. Имамдар арасындагы мындай спорттук иш-чара биринчи жолу райондук деңгээлде уюштурулууда.

Базар-Коргон районунда жалпы 105 имам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×