Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.11.2015 16:39

Айыл тургуну: Базар-коргондук уста К.Жунусалиевдин жаңгактын жыгачынан жасаган идиш-аяктарына суроо-талап көп (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылынын тургуну Карыбек Жунусалиев 40 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет.

Айылдын жыгач устасы катары таанылган К.Жунусалиев негизинен жаңгак жыгачынан үй эмеректерине тиешелүү буюмдарды жасайт. Тактап айтканда чыны, табак, тактай-үбөлүктөрдү көп жасайт. Анткени аларга суроо-талап көп.

«Мен бул ишти айылдагы балдарга да үйрөттүм. Жаңгактан жасалган буюмду эл жакшы алат. Биз жасаган чынылар көп узабай сатылып,кардарларыбыз көп болууда. Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда тааныштар менен сүйлөшүп, базарга алып чыгам. Жасалган буюмдар бат эле өтүп кетет.

Атайын көргөзмөлөргө да катышып турам. Ала жакта дагы жакшы сатылат. Жаңгакты кыюуга тыюу салынган. Андыктан мен идиш-аяктарды жыгылган, куурап калган жаңгактардан гана жасайм», - деди жыгач уста.

Жыгач устанын кичинекей чынылары 250 сом болсо, чоң чынылар 600 сомго, табактар  600-1000 сомго чейин бааланат. Ал эми арчадан жасалган бешик 4500 сомго бааланат. 1 жылда он бешке жакын бешик жасайт.

«Арчадан жасалган бешиктин өзүнө таандык жыты болот. Ага күбө да түшпөйт. Бир бешикти 2 күндө жасап бүтсө болот. Мен элдин буюртма бергенине карап жасайм», - деди К.Жунусалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×