Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.02.2016 09:39

Базар-Коргондо жергиликтүү депутаттар волейбол боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу айыл аймактардын жергиликтүү депутаттарынын арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Райондук мамлекеттик администрациядан билдришкендей, аталган спорттук мелдеш Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылган күнүнө карата уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгында Сейдигум айыл аймагынын жергиликтүү депутаттары 1-орунга ээ болушту.

Райондук спорт комитетинин төрагасы Юрий Арисовдун айтымында, ушундай эле мелдеш райондун башка аймактарындагы мектептерде окуучулар арасында өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×