Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.02.2016 11:25

Фото - Базар-Коргондо мугалимдер арасында спорттун 6 түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасында 27-февралда спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдеш волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат, ордо, баскетбол боюнча өткөрүлүп, ага ар бир аймактан тандалып келген командалар катышты.

Аталган мелдеш быйылкы Тарых жана маданият жылына карата мугалимдердин ден соолугун жана улуттар аралык биримдикти чыңдоо максатында өткөрүлдү. Спартакиаданын ачылышына аким Т.Долдоев катышып, командаларга ийгилик каалады.

Бул мелдеште жеңүүчү аталган командалар 18-мартта облустук деңгээлде өткөрүлө турган спартакиадага жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×