Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.03.2016 14:49

Айыл турмушу: Базар-коргондук мугалим А.Салибаева 90 окуучуга англис тилин үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктагандан кийин бир нече жыл бою айылдагы мектебинде эмгектенген Айпери Салибаева 2012-жылдан бери «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташууда.

Бул уюмда 2014-жылы Германия мамлекетинин «Дүйнөгө нан» уюму аркылуу каржыланган «Салттуу жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдин достугун жана ынтымагын чыңдоо» долбоору боюнча түзүлгөн 8 ийрим иштеп жатат.

Анын Базар-Коргон районундагы 3 мектептин 90 окуучусу билим алып жаткан англис тил ийримин Айпери Салибаева жетектөөдө.

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин коомчулук менен байланыш кызматкери Бактыкан Ажымаматованын айтымында, бул долбоорго Ош облусунун Кара-Суу районундагы 3 мектеп, Жалал-Абад шаарындагы №7 орто мектеп жана Базар-Коргон районундагы Акман, Базар-Коргон айыл аймагындагы мектептер кирген.

Айпери Салибаеванын ийриминдеги окуучулар предметтик олимпиадаларда башкы байгелердин ээлери болууда.

Б.Абсаламова англис тил ийриминин катышуучуларынын арасында жакында болуп өткөн «Акыл ордо» интеллектуалдык мелдешинде 1-орунду ээлеп, «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин сертификаты жана англис тилинин сөздүгү менен сыйланды. Ошондой эле ал Базар-Коргон районундагы мектептер арасында өткөрүлгөн олимпиаданын 1-орунун ээледи.

Андан тышкары «FLEX» программасына катышып, анын 1-2-турларынан өттү. 3-турга документтерин жиберип, азыр анын жыйынтыгын күтүп жатат. Эгер ал сынактан өтсө Америкага барып, билим алуу менен чет өлкөгө Кыргызстанды таанытам деген максаты бар.

«Айылдык балдардын чет тилин үйрөнүүгө далалаты күчтүү. Эне тил менен катар орус тилин билүү азыркы учурдун талабы болгону менен чет тилине ынтызаар болгондор арбын экенин ийримди жетектеп жаткан убакыттан бери билип калдым. Окуучулар кыска аралыкта эле кыйла ийгиликтерди жаратып коюшту», - деди Айпери Салибаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×