Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.03.2016 19:00

Италиядагы турнирде 2-орунду ээлеген базар-коргондук жаш спортчуга «Спорттун чебери» наамы берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-мартта Базар-Коргон районунда, Италиянын Римини шаарында өткөн кик боксинг боюнча дүйнөлүк мелдеште 51 кг салмактагылардын арасында 2-орунду ээлеген Базар-Коргон айылынын 1997-жылы туулган тургуну Бабур Режевалиевге «Кик бокс боюнча спорттун чебери» күбөлүгүн тапшырылды. Бул тууралуу райондук акимчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Италиядагы мелдеш 2015-жылдын сентябрь айында өткөн.

Жаш спортчуга буга чейин өкмөт тарабынан 200 миң сом сыйлык тапшырылган. Бабул Жалал-Абад шаарындагы университетте окуйт. Ал спорт менен 3-классынан баштап машыгып келет. Режевалиевге 2012-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпиондугун багындырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×