Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.04.2016 10:02

Айыл турмушу: 88 жаштагы базар-коргондук аксакал «Апсамат Ата» багбанчылык чарбасын иштетет (фото)

Turmush -  Кечээ, 8-апрелде өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева атайын иш сапары менен Базар-Коргон районунда болуп, 88 жаштагы эмгек ардагери Апсамат Эргешовдун багбанчылык багытындагы иштери менен жеринде таанышты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, Кош-Коргон айылындагы Акмат-Дөң айылында жашаган А.Эргешов өзүнүн балдары менен биргеликте 2,6 гектар аянтка былтыркы жылы мөмө берүүчү бактардын жаш көчөттөрүн жана 350 даана теректин көчөттөрүн олтургузган.

А.Эргешов 14 уул-кызды тарбиялаган болсо, анын 12си жалаң уул. Ардактуу эс алууга чыкканга чейин айдоочулук кесипти аркалаган, азыр карылыктын бактылуу доорун сүрүп, балдарына багбанчылык боюнча кеп-кеңештерин берип, бардык иштерди өзү көзөмөлдөп турат.

«Өткөн жылы Ноокат районуна барып, Кызыл-Кыя айылындагы мыкты сорттогу бак-дарактарын өстүрүүчү питомниктен 100 түп даана жаңгак, 650 түп кокон гилас, 210 түп шабдаалы жана 200 даана ширин бадам көчөттөрүн жеринде сатып алып келип, балдарым менен олтургуздум. Жакшы көңүл бөлүп карасаң, жер сенин мээнетиңди текке кетирбей, адалдап кайтарат. Ушул жер балдарым менен неберелериме жана айылдаштарыма менден белек болуп калсын деген гана тилегим бар»,- дейт А.Эргешов.

Анын уулдары Тагдыр, Нияз, Кубаныч, Талант жана неберелери атасынын айткандарын өз убагында аткарышып, бакты талаптагыдай асырап карашат.

«Апсамат Ата» багбанчылык чарбасына отургузулган көчөттөр жаш болгондуктан былтыр анын ичине күздүк буудай эгишкен. Аксакалдын Россияда эмгектенген баласы «Т-82-1» үлгүсүндөгү дөңгөлөктүү трактор сатып берген. Ал трактор бир гана өзүнө эмес, айыл элине да кызмат кылат.

«Сиздин өрнөктүү ишиңиз айылдаштарыңызга үлгү болуп, алар дагы сиздин жолуңузду жолдосун. Элибиз барчылык менен бакубаттуулукта жашасын», - деди өкмөт өкүлү.

Райондун акими Таалайбек Дөлдөев белгилеп кеткендей, Апсамат Эргешов аксакал балдары менен 750 метр жерге зым тосмосун тартып, темир мамычаларын кошо орнотуу үчүн өз жанынан 220 миң сом акча каражатын сарптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×