Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.04.2016 16:49

Базар-коргондук окуучулар тарыхый окуяларды сахналаштырып көрсөттү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте бүгүн, 28-апрелде Тарых жана маданият жылына арналган «Тарыхта калган маданият» аттуу чоң программадагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мектептин директору Кадырмамат Турдуев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара окуучулар тарабынан уюштурулду. Анда кыргыз элинин тарыхы, тарыхый окуялар, тарыхый инсандар тууралуу маалыматтар сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Мектептин 20 окуучусу «Манас» жана «Семетей» эпосторунан 40 мүнөт үзүндү айтышты.

Ошондой эле Үркүн темасы, Кыргыз автономиялуу облусунун негизделиши, кийин Кыргыз АССРи, андан кийин Кыргыз ССРи болушу, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары, 1991-жылдан тарта көз карандысыздыкка ээ болушу тууралуу кеңири маалыматтар берилди. 

Мындан тышкары иш-чарада өлкөнүн тарыхында зор эмгек сиңирген улуу инсандар — Барсбек каган, Курманжан датка, И.Арабаев, А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов, Ч.Айтматов, Д.Шопоков, Ч.Түлөбердиев, И.Раззаков сыяктуу инсандардын эмгек жолу сахналаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×