Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.06.2016 16:51

Базар-Коргондо майор М.Сулаймановдун элесине арналган спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда июнь окуясында курман болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү.

Мелдеш РИИБ тарабынан уюштурулуп, «Мекеним менин - Кыргызстан» долбоорунун алкагында коомчулук арасында ынтымак, достук, улуттар аралык биримдикти чыңдоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Бул иш-чарага аким Т.Долдоев, ОИИБдин башчысынын орун басары И.Шатманалиев, РИИБдин башчысы А.Өскөнбаев, маркум М.Сулаймановдун жакындары катышты.

Мелдешке жалпысынан 9 команда катышып, кызуу оюн көрсөтүштү. Финалда 4 команда өз ара таймашып, 1-орунду Бешик-Жоон айыл өкмөтү, 2-орунду Сейдикум айыл өкмөтү жана 3-орунду Чек командасы ээледи. Мелдештин жыйынтыгында маркумдун кесиптештери жана анын бир тууган эжеси Сулайманова Гүлнара сөз сүйлөдү.

«Ушундай кубанычтуу күндө инимдин жоктугу өкүнүчтүү болуп турат. Бирок, анын жаркын элесин жүрөгүңөргө бек сактап, ага арнап ушундай спорттук иш-чараны жыл сайын өткөрүп келесиңер. Биз бир тууганыбыздын милиция кесибин аркалап жасаган эмгектери менен сыймыктанабыз. Андыктан сиздерге жалпы туугандарыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×