Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.07.2016 14:07

Кыз узатуу: Базар-Коргондо кыздын жүгүн жүктөп кетүү үчүн төө жетелеп келишти (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун райондорунда унутта калып бараткан каада-салттарды кайрадан жандыруу жана өлкөнүн кооз жерлерин таанытуу максатын көздөгөн кыз узатуу сынагы уланууда. Бул ирет Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында театрлаштырылган кыз узатуу салты көрсөтүлдү.

Бул айылдагы кыз узатуу келиндин жүгүн жүктөп кетүү үчүн куда тарап төө жетелеп келгени менен айырмаланды, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Мындагы каада-салтты көрсөтүү багытындагы иш-чарада да жүз көрүштүрүү, жүк көрүү, сөйкө салуу, чач өрүп, чачбак тагуу, кошок айтуу жөрөлгөлөрү жана жолук салмай, шакек салмай, аркан тартуу, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кыз куумай оюндары көрсөтүлдү.

Аркан тартышка балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө чыгып, кызыктуу оюн тартуулашты. Секелек кыздар селкинчек тээп, элдик ырларды ырдап, шаң кошту.

Ошондой эле, Базар-Коргон районунун Саз жайлоосунда дагы кыз узатуу салты көрсөтүлдү. Театрлаштырылган кыз узатуу каадасын райондук маданият үйүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар көрсөттү. Жайлоодо 3 боз үй тигилип, биринде кыздын себи жайгаштырылса, экинчисинде куда-сөөктөр тосулду. Анын жүрүшүндө бир катар жөрөлгөлөр жасалып, кыз куумай, тыйын эңмей, эр эңиш оюндары көрсөтүлдү.

Кыз узатуу: Ноокендик түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өзгөчө өтүп, 500 адам күбө боду (фото, видео)

Видео - Кыз узатуу салтындагы кошок айтуу жөрөлгөсү

Кыз узатуу: Ала-Букада илгерки жыгач буюмдар колдонулуп, мергенчинин тамагы жасалды (фото)

Кыз узатуу: Ала-Букада 19-кылымдагы кыргыздардын жашоосу, каада-салты көрсөтүлдү (фото, видео)

Чаткалда көрсөтүлгөн кыз узатуу салтындагы жүз көрүшүү жөрөлгөсү (фото, видео)

Чаткалда жүз ачуу, жеңетай, чач өрүү, куржун салуу салты менен кыз узатылып, ат оюндар менен коштолду (фото, видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×