Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.09.2016 15:18

Айыл турмушу: Базар-коргондук жаш дыйкан дарбыздан тапкан пайдасына жүк ташуучу унаа сатып алды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылынын тургуну Нурдөөлөт Ахматбеков жубайы экөө биологиялык ыкма менен эки башка аянтка дарбыз өстүрүштү.

Н.Ахматбековдун айтымында, алгач 90 сотых жерге өстүргөн дарбыздан 280 миң сом пайда көргөн. Бедесин оруп алгандан кийин 50 сотых жерге экинчи жолу дарбыз эгип, учурда аларды базарга сатып жатат. Дарбыздын экинчи түшүмүнөн 300 миң сом киреше табууну болжолдоодо.

Ал дарбыздан тышкары болгар калемпирин, сабиз, помидор жана күн карама өстүргөн.

Дарбыздын биринчи түшүмүнөн тапкан пайдасына жүк ташуучу автоунаа сатып алды. Ал кийинки жылы дарбыздын аянтын кеңейтүүнү пландоодо.

86

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×