Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.11.2016 18:40

Айыл турмушу: 2 жыл үңкүрдө жашап, ач калганда өлгөн аркардын этин, чегиртке жеген 70 жаштагы А.Оморов 3 кылым жашайм дейт (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунун тургуну Абдразак Оморов Арстанбап тараптагы тоолордогу үңкүрлөрдө 2 жыл кышы-жайы менен жашаган. Ал эми, 16 жылдан бери жазында тоого чыгып кеткен бойдон үйүнө күзүндө келет.

Аны түшүнбөгөндөр: «Бул жинди болуп кеткен» деп айтышкан. Бирок, ал табият сырын изилдеп, табият менен байланышып, тазаланып жатканын айтат. Бөөдө кырсыктан сак болсо, 300 жылга чейин жашайм деген максаты бар.

Абдразак Оморов 2000-жылы катуу ооруга чалдыгып, дарыгерлерден үмүтүн үзгөн. Ошол учурларда ал кандайдыр бир күч менен тоого чыгып кетип, ошол бойдон тоодо жүргөн.

«2 жыл тоодо йога менен машыгып, өйдө-төмөн чуркап, басып, кайра үңкүргө келип уктап жүрө бердим. Эл "Абдразак жинди болуп кетиптир, тоо ташты аралап жүрөт" деп сөз кыла баштады. Бирок, алар менин ички дүйнөмдө болуп жаткан сезимдерди түшүнүшкөн жок. Ошентип жүрүп оорудан айыгып кеттим. Тоо-кырларды ашып, бир күндө 100 чакырым басып келем. Күнүнө 14 саат эч нерсе жебейм, ошондо организм дем алат. Ушинтип жүрүп 5 жыл дегенде мен өзүмө келдим», - дейт ал.

А.Оморов Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Ой-Жаңгак жайлоо тараптын тоо таштарында көп жүрүп, Таш-Коргон, Кыз-Коргон деген таш үңкүрдө түнөйт. Негизинен Ой-Жаңгакта көп жүрөт. Бир нече чакырымда басып келгенден кийин йога менен машыгып, китеп окуйт.

Ал Ибн Синанын, мистикалык чыгармаларды көп жазган британиялык жазуучу Лобсанг Рампанын чыгармаларын окуп чыккан. Анын айтымында, Ибн Сина куугунтукка алынгандан кийин үңкүрдө отуруп, «Канон» дарыгердик илимий китебин жазган. А.Оморов бул автордун дээрлик китептерин окуп чыгып, философтордун чыгармаларын да барактаган.

«Убакыт кенен, ошондуктан китеп окуюн деп чечтим. Ачкачылык боюнча, андан сырткары ниндзя, йога боюнча чыгармаларды окуп чыктым. Окугандарымды өзүмө эксперимент кылып көрөйүн деп, ачкачылык боюнча өзүмдү сынадым. Ниндзя күнүнө 180 чакырым басып, 6 метр бийиктикке ыргыйт экен. Мен 100-120 чакырымды бир күндө басып жаттым», - дейт ал.

Ал табиятка канчалык жакын болсоң, табият сага сырын ачат деген ураанды тутунат. Руханий дүйнөгө өтүү акылдын бийиктиги деп септейт. Ал космостон келген энергиядан да энергия алса болоорун айтат.

«Космостон келген энергияны аска-зоолор алып жерге жайылтат. Энергия алган менин точкам бар, ошол жерде 5 күн отурдум. Бешинчи күнү аскага түшкөн энергия тээп, өзүмдөн өзүм бир топ аралыкка ыргыдым. Энергиядан бүтүндөй шлактар чыкты. Мен космостун энергиясын алдым, жакында да барып отуруп келдим. Азыраак отуруп шап туруп кетип жатам. Ошентиш керек экен», - дейт тургун.

Аска-зоодо жүргөн учурда азык-түлүк түгөнүп калганда бир аз кыйынчылык тартат, бирок ал ага да макул. Токойлордогу мөмө-жемиштерди терип жейт, кээде өлгөн аркардын этин жеп, ылайды сууга чылап ичүүгө туура келээрин айтат.

«Аскада ачка калган учурда чириген алмурут балдай таттуу болот, ылайды сууга чылап ичкенде лагмандан да таттуу болуп кетет. Аркардын өлгөн этин жегенге туура келет. Арга кеткенде чегиртке жейм. Аскадагы чегирткелер аябай чоң болот. Ачтан өлбөстүн айласы болот», - дейт ал.

А.Оморовдун жашы 70ке таяп калса да баскан-турганы тың. Ал 60-70 жашка чыкпай жатып таяк таяп калгандарда кыймыл аз болоорун, организмде кандын жүгүрүүсү жакшы болбогондуктан карылыкка эрте моюн сунушаарын белгилейт.

Ал карылыкка моюн сунгусу келбейт, алдыда өзү түзгөн программасын ишке ашырууну көздөйт. Элге руханий жашоонун кереметин далилдегиси келет жана тоо-ташта өскөн түрдүү чөптөрдүн дарылык касиетин изилдеп, китеп катары кийинки муунга калтырууну көздөйт.

А.Оморов облустагы гезитте бир топ жыл журналист болуп иштеген. Оорусунун айынан жумуштан чыгып, ошол бойдон жашоосун башка нукка өзгөрткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×