Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.11.2016 08:23

Айыл турмушу: Базар-коргондук 24 жаштагы Курманбек Екатеринбургдун жолдорун, көпүрө куруп жатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абал облусунун Базар-Коргон районунун 24 жаштагы тургуну Камбарали уулу Курманбек Россиянын Екатеринбург шаарында көпүрө, жол салып иштейт. Аймактык кабарчы курулушчу менен таанышты.

Анын айтымында, алыста иштеп жүрүп ата-энесин сагынды.

«Екатеринбург шаарына келгениме жарым жылдай болуп калды. Бул жакта жол жана көпүрө куруп иштеп жатабыз. Буга чейин дагы бир-эки жолу Россияга келип иштеп кеткем. Бул жолу алдыма максат коюп келдим. Кыргызстанды, ата-энемди сагындым» - деди ал.

Курманбек менен 20 кыргыз бала чогуу иштейт.

«Жумуш эртең менен 8:00дө башталып, кечки 20:00гө чейин уланат. Аба ырайы азырынча -6дан -9 градуска чейин болууда. Курулуш иштери катуу суук түшкүчө жүрө берет. Көпүрөнүн узуну 200 метрди түзсө, бийиктиги 6 метрди түзөт. Сапаты абдан жакшы. Өтө кылдаттык менен, баардык жагынан жети өлчөнүп, бир кесилет экен. Эптеп чампалап жасап коймой жок. Ушул тапта бул көпүрөнүн курулушунда мени менен чогуу иштеген 20 кыргыз бала бар. Баарыбыз тең келишим менен иштейбиз. Бригадирибиз дагы кыргыз. Жумуш убактыбыз көңүлдүү өтөт. Айлык күнүнө 1 миң рублден жогору. Бул жактан акча топтоп, Кыргызстанга барып асыл тукум мал чарба кармасам деген тилегим бар», - дейт Курманбек.

Курулушчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×