Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.01.2017 16:19

Айыл турмушу: Электр энергиясы жок Жазы-Кечүү айылынын тургуну А.Кадыров мөмө-жемиштерди күн нуруна кургатып сатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну Алманбет Кадыров мөмө-жемиштерди кургатып киреше табат.

Элеттик ишкер кургатылган кара өрүктүн 1 килограммын орто эсеп менен 160-170 сомдон сатууда. Ал кара өрүктөн тышкары, алма жана башка мөмө-жемиштерди күндүн нуруна кургатат.

А.Кадыров кесиби боюнча куруучу. Жубайы Кызжибек Исмаилова №48 Манап Чыйбылов атындагы орто мектебинде англис тили боюнча мугалим болуп эмгектенет. Алардын 2 уулу, 3 кызы бар.

Электр энергиясы жок Жазы-Кечүү айылында 130га жакын кожолук жашайт. Айылда кыш мезгили 7 айга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×