Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.01.2017 15:56

Базар-Коргондо окуучулар спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда окуучулар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

20-21-январь күндөрү Талдуу-Булак, Могол, Сейдикум айыл аймактарында «Мекеним менин Кыргызстан» долбоорунун алкагында РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мугалимдер менен биргеликте 8-11-класстын окуучулары арасында спорттук мелдеш уюштурушту.

Мелдеш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, окуучуларды ынтымакка жана сергек жашоо образына үндөө максатында өткөрүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×