Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 21.02.2017 17:37

Базар-Коргондун акими Т.Долдоев отставкага кетти

Turmush -  Базар-Коргон районунун акими Таалай Долдоев кызматынан кетти.

Маалым болгондой, Т.Долдоев 2012-жылдын 27-апрелинде акимдик кызматты аркалап баштаган.

«Мен эмгек өргүүгө чыгып, андан кийин өз каалоом менен иштен кетүү боюнча арыз жаздым», - деди Т.Долдоев.

Ал белгилегендей, Базар-Коргон районунун аймагында 2016-жылы 25 ишкана курулду. Могол айыл өкмөтү жана Базар-Коргон айыл өкмөттөрүнө мал союучу жайлар, андан сырткары 25 күнөскана курулган.

Буга чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Базар-Коргон районунун акими Т.Долдоев кызматынан кетүү боюнча арыз жазгандыгын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×