Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.05.2017 16:13 На русском

Айыл турмушу: Базар-коргондук Э.Жолдошбаев 5 жылдан бери үй шартында бир нече суур багат (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүндөгү Жазы-Кечүү айылынын тургуну Эрмекбай Жолдошбаев 5 жылдан бери үй шартында бир нече суур багат.

Э.Жолдошбаевдин айтымында, ал 2012-жылы Куробос жайлоосунан суурларды кичине кезинде кармап келген.

«Куробос жайлоосунда жергиликтүү тургундар аары багып, киреше табышат. Мен ошол убакта аарыларды көргөнү барып, бул суурларды көрүп калдым. Кичинекей суурлар талаада ачка калгандай көрүнгөнүнөн үйгө алып келип, багып алгам. Аларды нан менен багам. Учурда суурлар кадимки үй жаныбарларындай эле көнүп калышты. Өткөн жылы менин суур бакканымды социалдык тармактардан билип келгендер көп болду. Суурлар өткөн жылы август айында чээнге кирген боюнча быйыл апрель айында чыгышты. Алар 8 айга жакын чээнде болушту», - дейт Э.Жолдошбаев. 

Жубайы Т.Жолдошбаева экөөнүн 4 кыз, 1 уулу бар.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×