Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук дыйкан чырым сортундагы ашкабак өстүрүп, 600 миң сомго сатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн Абдраимов айылынын тургуну Абыт Курбанов быйыл 3,5 гектар жерге чырым сортундагы ашкабак эгип, жакшы киреше табууну пландап жатат. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

А.Курбановдун айтымында, алар дыйканчылык менен киреше табышат.

«Биз үй-бүлөбүз менен дыйканчылык менен алектенип, киреше табабыз. Өткөн жылы 2 гектардан ашык жерге ашкабак өстүргөм. Кирешеси жакшы болуп, андан 500-600 миң сом пайда тапкам. Ашкабак өстүрүүнүн ыкмаларын түшүнүп калдым. Башка эгиндерге караганда мээнет аз талап кылынат. Ошондуктан быйыл көбүрөөк жерге ашкабак өстүрдүм. Азыр 1-терими бүттү, ал эми экинчи терими 15-20-сентябрда болот. Учурда бир даана ашкабактын баасы орто эсеп менен 40 сомдон сатылууда», - деди А.Курбанов.

Алар мындан сырткары жашылча-жемиштерди жана коон-дарбыз эгишет.

А.Курбановдун 3 уул, 1 кызы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 935
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×