
Алгач майрамды Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов ачып, калкты Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 26 жылдык майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын кызматкерлери дагы куттуктоолорду айтышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында райондун маданият бөлүмү тарабынан Үркүн окуясы сахналаштырылып көрсөтүлүп, концерттик программалар тартууланды.
Белгилей кетсек, райондук деңгээлде өткөн волейбол боюнча спорттук мелдешке катышкан Мамлекттик каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери кубок жана ардак грамоталар менен сыйланышты.