Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.09.2017 13:53

Базар-Коргондо мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата сынак уюштурулду (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата кыргыз тилинин эки айлыгы жарыяланды.

Маалым болгондой, райондук М.Бердибеков атындагы маданият үйүндө кыздар жана балдар арасында «Сармерден» сынагы уюштурулду.

Сынактын максаты райондун аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө шарт түзүү, ошондой эле кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, маданий-тарыхый мурастарын даңазалоо, калк арасында таланттардын чыгармачылыгын өнүктүрүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×