Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Жалал-Абад

Базар-Коргондогу өзбек тилдүү мектепте кыргыз тил бөлмөсү ачылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы №4 Алишер Навои атындагы орто мектепте өзбек тилдүү башталгыч класстын окуучулары үчүн кыргыз тил бөлмөсү ачылды.

Маалым болгондой, бөлмө мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата жарыяланган эки айлыктын алкагында ата-энелердин демөөрчүлүгү менен түптөлгөн. Ачылыш аземге райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Үсөнов катышып, мектеп жамаатына ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, №26 Худайбердиев атындагы өзбек тилдүү орто мектепте мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Окуучулар кыргыз элинин каада-салттарын жана үрп-адаттарын даңазалаган ырларды аткарышты. Соңунда мыкты окуучуларга грамоталар ыйгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1962
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×