Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Жалал-Абад

Базар-Коргондогу №2375 шайлоо участкасында түшкө чейин 400 адам добуш берди (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы №2375 шайлоо участкасында саат 12:00гө карата 400гө жакын адам добуш берди. Бул тууралуу аталган шайлоо участканын төрайымы Тажикан Эгамбердиева билдирди.

Анын айтымында, бул участкада 1809 шайлоочу бар. Учурда шайлоо кызуу өтүп жатат, коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Акман айыл аймагынын №2127 шайлоо участкасынын төрагасы А.Ибраимовдун айтымында, бул тилкеде жалпы 2398 шайлоочу катталган. Саат 10:00гө карата 140ка жакын адам добуш берди.

Шайлоого келген 85 жаштагы жергиликтүү тургун көзүнө жаш алып, шайлоо тынч өтсүн деген тилегин айтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1418
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×