Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Жалал-Абад

Базар-Коргондо шайлоочулардын 17,7%ы добуш берди

Turmush -  Базар-Коргон районунда саат 14:00гө алынган маалымат боюнча шайлоочулардын 17,7%ы добуш берди. Бул тууралуу Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов билдирди.

Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген 72 адам алдын ала добуш беришкен.

«Район боюнча 77 миң 725 шайлочу бар, жалпысынан 58 шайлоо участкалары өз нугунда иштеп жатат. Ар бир шайлоо участкаларында экиден милиция кызматкери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1564
Көп окулду
×