Turmush - Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Жети-Кошкон айылынын 1964-жылы туулган тургуну Аманов Асылбек изделип жатат. Бул тууралуу туугандары кабарлашты.
А.Аманов 2011-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 2012-жылы Талас облусуна мал бакканы кетип жатканы тууралуу тааныштарына айтканын угушкан.
Сүрөттөгү жаран тууралуу маалыматы барлар 0772 22 42 00 номуруна кабарлап койсо болот.