Turmush - Кечээ, 7-декабрда Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн бөлмөсүнүн 35 чарчы метр шыбы, терезе-эшиктер күйүп кеткен.
ӨКМдин басма сөз кызматы өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан чыкканын билдирди. Адамдар жабыркаган эмес.