Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таза сууну сатып ичкен Базар-Коргон айылында 2,3 млн сомго суу чыгарылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту. Алар буга чейин сууну суу ташуучу унаадан сатып алып, атайын жасалган кудуктарга куюп алып пайдаланып келишкен.

Маалым болгондой, Ак-Тайлак ата участкасында жашаган 7 миңден ашуун адам таза суу менен жетиштүү камсыз болушту. Мындагы участкага таза суу жеткирүү үчүн 80 метр тереңдиктен сордурулуп, 1,5 чакырым аралыктан айылга тартылып келди. Натыйжада 186 кожолуктун үйлөрүнүн короолоруна суу түтүктөрү киргизилди жана суу эсептегичтер орнотулду. Аталган айылга таза суу чыгарууга жалпысынан 2 миллион 300 миң сом сарпталган.

Жашоочулардын айтымында, таза суу үчүн алар айына 300-400 сомдой каражат коротушчу. Ал эми суу эсептегичтер коюлгандан кийин сууга болгон акы 100-150 сомдун тегерегин түзүп жатканын белгилешти.

Таза суу азабын тартып келген айыл элинин муктаждыгын чечүү үчүн фонд тарабынан 1,5 миллион сом, жергиликтүү бийликтен 700 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.

Кечээ, 7-декабрда айылда таза суунун ачылышы болуп, ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары М.Акматов, район акими жана фонддун өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 737
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×