Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондо СПИД илдетинен сактануунун жол-жоболорун билген окуучулар сыйланды

Turmush -  Базар-Коргон районунда СПИД/ВИЧ илдетинен сактануунун жол-жоболору менен эрежелерин жакшы билген жаштар менен окуучулар сыйланды. Бул тууралуу райондук администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Сагын Кудайбердиев кабарлады.

Анын билдиришинче, акимдин орун басары Замира Адышева райондун маданият үйүндө ден соолук комитеттери менен жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнө жана мектеп окуучуларына жергиликтүү бийликтин 1-11-даражадагы дипломдорун тапшырды.

Сыйланган жаштар менен мектеп окуучулары медициналык кызматкерлер менен бирге СПИД/ВИЧ инфекциясына каршы акцияга катышып, жөө жүрүшкө чыгып, викториналардын суроолоруна жооп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×