Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.12.2017 17:59

Базар-коргондук окуучуларга «Ч.Айтматовдун ааламы» темасында диспут-сабактар өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 89 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү максатында бир жумалык жарыяланган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жумалыктын алкагында бүгүн, 12-декабрда Ө.Атабекова атындагы №30, Ж.Асанов атындагы №9, Тешебай Исак уулу атындагы №22, Мамбеталиев атындагы №7 мектептерде жазуучунун туулган күнүнө карата түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү.

Ж.Асанов атындагы №9 мектепте 11-класстардын окуучуларына «Ч.Айтматовдун ааламы» деген темада диспут-сабак уюштурулду. Мындан сырткары, №30 мектебинде «Кечеги инсан келечек үчүн легенда» темасында сахналаштырылган ачык сабактар өткөрүлдү. Ч.Айтматовдун 89 жылдыгына арналган жумалык улантылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×