Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кесиптешине ок аткан Базар-Коргондогу каттоо кызматынын экс-бөлүм башчысына сот өкүм чыгарды

Turmush -  Кесиптешине ок аткан Базар-Коргон райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Э.Т. карата облустук сот өкүм чыгарды.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Э.Т. кесиптешинин саламаттыгына залал келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп табылды.

«Жалал-Абад облустук сотунун 2017-жылдын 20-ноярындагы өкүмү менен Э.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу») боюнча күнөөлүү эмес деп табылып, анын жосунунда бул кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Э.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту («Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү») беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыратылды. КРнын 2016-жылдын 1-августундагы «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде Э.Т. белгиленген жазадан бошотулду. Андан жабырлануучу Т.И.нин пайдасына материалдык зыян үчүн 102 миң 723 сом, моралдык зыян үчүн 50 миң сом өндүрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 4-мартындагы токтому менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү менен айып тагылган Э.Т. кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык иши өндүрүштөн кыскартылгандыгы маалымдалган.

Райондук сот тарабынан Э.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу») менен күнөөлүү эмес деп табылып, анын жосунунда бул кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Райондук соттун өкүмүнө макул болбой, жабырлануучу Т.И. жана Базар-Коргон райондук прокуратурасы апелляциялык даттануулары менен Жалал-Абад облустук сотко кайрылышкан. Облустук сот 2017-жылдын 20-ноябрындагы аныктамасы менен Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 04-мартындагы токтомун жана өкүмүн жокко чыгарган.

Окуя тууралуу

Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн башчысы Э.Т. 2015-жылдын 13-ноябрында орун басарынын башына тапанча менен 4 жолу атып салган.

Жабырлануучу Т.И. айтымында, 13-ноябрь күнү жетекчиси аны иш бөлмөсүнө чакырган. Алар сот ишине кете турган материал боюнча сүйлөшүү учурунда ортодо пикир келишпестик орун алган.

Кийинчерээк иш бөлмөдө ок атылган окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Базар-Коргон РИИБдин башчысынын орун басары К.Аскарбековдун айтымында, кылмыш иши «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча козголгон.

Эскерте кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 105-статьясынын 2-бөлүгү (Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү), ушул эле Кодекске ылайык анча оор эмес кылмыштардын катарына кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1357
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×