Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондо жалгыз бой жашаган 79 жаштагы энеге жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Чкалов айылынын 79 жаштагы тургуну Сайипжамал Тайевага өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан 10 миң сом акчалай материалдык жардам көрсөттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдиллабек Камбаров өкүлдүн акчалай колдоосун 79 жаштагы Сайипжамал Тайевага жеринде барып тапшырды. Мындан сырткары Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкуловдун азык-түлүктөрдөн турган атайын белегин Базар-Коргон районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Замира Адышова, Могол айыл аймагынын башчысы Эркинбек Турдукулов дагы белек-бечкектерин тартуулады.

Чкалов айылында жашаган С.Тайеванын жолдошу Кадырбек карыя мындан 20 жыл мурун көз жумган. Ошондон бери Сайипжамал апа үйүндө жалгыз жашап, өзүнүн тиричилигин өткөрүп келет. Жолдошунун тууган-уруктары менен коңшулары жана социалдык тармактын кызматкерлери Сайипжамал энеден тез-тез кабар алып, жашоосуна ар тараптан жардам берип келишет.

«Облустун жана жергиликтүү бийликтин башчылары менден кабар алышып, 10 миң сом акчалай жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Кудайга шүгүр, өкмөтүбүз тарабынан 5 миң сом пенсия алам. Мектепте 7-классты аяктагам, көп жылдар бою Ачы токой чарбасынын сүт товар фермасында саанчы болуп эмгектенгем», - дейт С.Тайева.

Жалал-Абад облусунан жана жергиликтүү бийликтен барышкан өкүлдөр С.Тайеванын жашоо шарты, кышка карата көмүр жана отун менен жетиштүү камсыз болгондугунан да кабар алышты.

«Базар-Коргон району боюнча багар-көрөрү жок 184 улгайган адамдар жана 47 томолой жетим балдар бар. Томолой жетим балдарга банктан атайын жеке өздүк эсептери ачылып, 1000 сомдон акча которулган. Социалдык колдоого муктаж болушкан улгайган адамдар менен балдарга мамлекет тарабынан каралган бардык жардамдар менен жеңилдиктер берилип жатат. Райондун аймагындагы мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер менен демөөрчүлөр жана облустук казыят тарабынан социалдык жактан коргоого муктаж болушкан аярлуу катмарларга тамак-аш азык-түлүктөрү менен кийим кечелерден дагы жардамдар берилип турат», - деди Базар-Коргон райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Байышбек Сайипов.

Базар-Коргон районунун тоо зонасында жайгашкан Могол айыл аймагында учурда 3371 кожолук же 15005 калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 697
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×