Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.12.2017 16:22

15 жылдык жаза: Базар-коргондук киши таякесин мууздап өлтүргөн

Turmush -  Базар-Коргон райондук соту өзгөчө мыкаачылык менен таякесин өлтүргөн Ж.К.ны күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.К. 2017-жылдын 22-июлунда саат 19:00 чамасында уктоочу бөлмөдө уктап жаткан таякеси К.Г.нын көкүрөгүнүн сол жагына бычак сайып чыгып кеткен. Андан кийин соттолуучу бөлмөгө кайра кирип, кулап калган К.Г.ны диванга жаткырып, көкүрөгүнө жана моюнуна 4-5 жолу бычак сайган. Ал таякесин мууздап өлтүргөн.

Аталган иш боюнча тергөө амалдары аяктап, иш соттун кароосуна берилген.

«Базар-Коргон райондук сотунун 2017-жылдын 26-октябрындагы өкүмү менен Ж.К. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-6-бөлүмдөрүнүн негизинде, тагыраак айтканда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Жабырлануучунун өкүлү соттун өкүмүнө макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна даттануу менен кайрылган. Бирок ишти облустук сот карап жатканда жабырлануучунун өкүлү сотко арыз менен кайрылып, даттануусун кароосуз кайтарып берүүнү суранган. Ошондуктан облустук соттун 2017-жылдын 13-декабрындагы аныктамасы менен даттануу кароосуз кайтарылды. Базар-Коргон райондук сотунун өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×